Германия Кыргызстанга төрөт үйлөрү жана кургак учук ооруканасы үчүн 4,5 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

1-июнда Экономика жана соода министрлигинде Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Германия Өкмөтү каржылык кызматташуу боюнча келишимге кол койду.

Каражат Бишкек, Ош жана Талас шаарларындагы перинаталдык борборлорду курууга жана жабдууга, ошондой эле Бишкектин кургак учукка каршы ооруканасын жабдууга жумшалат.

Жолугушуунун жүрүшүндө экономика министри Данияр Амангелдиев Германия 30 жылдык кызматташтыктын ичинде экономиканы туруктуу өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында долбоорлорду ишке ашырган негизги өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, Германия Өкмөтүнүн колдоосунун аркасында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылды. Анын натыйжасында жаңы жумуш орундар түзүлүп, элдин жашоосу бир кыйла жакшырды.