Эртең 2-3-июнда Ысык-Көлдө “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи саммити өтөт. Бул саммит тууралуу коомдук саясий ишмер Апас Жумагулов пикирин билдирди.

“Бул саммитте Орто Азия жана Евро Биримдиктин ортосундагы мамилени жаңы тепкичке кантип көтөрө алабыз, кандай көйгөйлөр чечилип, кайсынысы чечилбей жатат деген маселелер каралат. Бизге чейин Астанада өткөн. Ар тармактуу талкуу болот, саясат, экономика, маданият, туризм деги эле ар багыттуу сүйлөшүүлөр жүрөт.
Саммитке катыша турган 5 өлкөнүн президенттери бир бүтүмгө келишип, Орто Азиянын бир позицияда Евро Биримдик менен кантип иштешүү планы түзүлөт. Ар бир өлкөнүн өзүнө тийешелүү чечилбеген маселелери бар. Мына ошол орчундуу маселелерди чечүүгө Евро Биримдик жана ага кирген өлкөлөр кандай жардам бере алат деген маселелер талкууланат. Бир эле экономика эмес, маданият, туризм жана башка тармактардагы көйгөйлөр да көтөрүлөт.

Садыр Жапаров саммиттеги талкуулардан соң мамлекет үчүн жакшы иштерди жасайт деп ойлойм. Акыркы убакта ал чет мамлекеттерге расмий визиттерди жасап, Кыргызстан үчүн өтө жемиштүү иштерди жасады. Кытайга болгон сапарындагы кабыл алынган документтер биздин мамлекеттин келечеги үчүн мааниси чоң. Бул саммиттен кийин дагы өлкөбүз үчүн натыйжалуу иштер жасалышына ишенем”.