Алмамбет Шыкмаматов: Саммит – коңшу мамлекеттердин ынтымакта жашашын шарттайт, а ынтымак аба менен суудай керек. 

Билинбегени менен Борбордук Азияда чек ара, суу, бажы, транзиттик товар, эл аралык темир жол жана авто жол сыяктуу толгон-токой көйгөйлөр бар.

– Эртең, 2-июнда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” Экинчи Саммити өтөөрү күтүлүп жатат. Бул саммиттен эмнени күтсөк болот, кандай маселелердин чечилишине өбөлгө боло алат?

– Боло турчу саммит биринчи кезекте Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен ынтымакта жашашын шарттоочу иш чара. Коңшу мамлекеттер менен бир нече интеграциялык аянтчабыз бар, алар менен тил табышуу өлкөбүздү саясий стабилдүүлүккө, экономикалык карым-катнаштын өнүгүшүнө жетелейт. Ошондуктан ынтымакты бекемдешибиз керек.

Билинбегени менен Борбордук Азияда чек ара, суу, бажы, транзиттик товар, эл аралык темир жол жана авто жол сыяктуу толгон-токой көйгөйлөр бар. Анын баарын гармонияда чечүүгө ушундай саммиттерде маанилүү чечимдер кабыл алынышы зарыл.

Кошуналар менен ынтымакта жашай билсек, ал – биздин жарандардын коопсуздугун, экономикалык, улуттук коопсуздукту камсыздайт, терроризмге, трансулуттук кылмыштуулукка, ошондой эле учурдун башкы көйгөйлөрүнүн бирине айланган заманбап ар кандай терс чакырыктарга каршы биргеликте күрөш жүргүзүлөт. Жамааттык бирдиктүү коргонуу, бирдиктүү аракет кылуу докторинасы кабыл алынат. Ошондуктан эл аралык тышкы саясатта мындай саммиттердин мааниси өтө чоң. Тарых жана келечек анда кабыл алынган чечимдерге түздөн түз байланыштуу болот.

Ал эми өлкөлөр коңшулары менен начар мамиледе болсо, бири бирине суу блокадасын, экономикалык блокада жарыялап, ар кандай инфраструктуралык тоскоолдуктарды жаратса, бул албетте, ар бир мамлекеттин өнүгүшүнө, анда жашаган жарандардын коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Андыктан бизге азыр ынтымак аба менен суудай керек.