Эртең 2-3-июнь күндөрү Ысык-Көлдө өтө турган “Европа Биримдиги – Борбор Азия” Саммити өтөт. Бул тууралуу коомдук, саясий ишмерлердин пикирин уктук. Белгилүү журналитст, коомдук ишмер Нургазы Анаркуловго Саммит тууралуу оюн сурадык.

-Нургазы Сейитказиевич, айтсаңыз эртең 2-3-июнь күндөрү Ысык-Көлдө президентибиз Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” Саммити өткөнү турат. Кыргыз тарап Саммиттен эмнени күтөт? Кандай маселелер каралат? Саммиттин күңгөйү менен тескейи тууралуу саясий талдоочу катары ой бөлүшсөңүз?

– Кыргыз тарап биринчи кезекте Борбордук Азия өлкөлөрү жана Еропа Биримдиги менен болгон кызматташтыктын жаңы деңгээлге көтөрүлүүсүн күтөт. Саясий, соода-экономикалык жаатта жаңы сүйлөшүүлөр, макулдашуулар болгону жатат. Жаңы инвестициялык долбоорлорду күтсөк болот. Европа биримдигинин колдоосу менен гидроэнергетикалык потенциалыбызды жакшыртуу мүмкүнчүлүгү жаралып жатат. Дегеним, ГЭСтер, күн, шамал электр станциялары куруу пландалууда. Саммиттин алкагында Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен президент Садыр Жапаровдун  расмий жолугушуусу  болуп, анда энергетика тармагы боюнча бир катар долбоорлорго кол коюлары күтүлүүдө. Макулдашууга колдор коюлса, андан ары долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү иштер жүрөт. Европа биримдигинин колдоосу аркасында энергетика системасынын абалын жакшыртып алуубуз өтө зарыл. Бул саммиттин күнгөй тарабы десек болот. Мындан сырткары, экономиканы өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу багытында иштиктүү сүйлөшүүлөр, чечимдер болот деп ойлойм.

Ал эми тескейи тууралуу айтсам, Европа кеңешинин президенти тарабынан адам укуктары, сөз эркиндигине байланыштуу маселе көтөрүлүшү толук мүмкүн. Андай маселе козголсо жакшы болот. Президенттин  бул маселелер боюнча кеңири маалымат берип, кабатырланууга негиз жоктугун айтууга, кырдаалды так жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү болот.

Ошондой эле Россия-Украина согушуна байланыштуу аймактагы кырдаал да талкууланып,  Кыргызстанга карата экономикалык санкциялардын киргизилүүсү мүмкүндүгү тууралуу  боюнча да сөз болот го. Бул Кыргызстанга андай санкциялардын тийешеси болбошу керектигин айтып алууга мүмкүндүк.

Бир сөз менен айтканда, Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүчү «Европа биримдиги – Борбордук Азия» саммити кошуналарыбыз менен болгон алаканы андан бетер бекемдөөгө, соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүгө, чечилбеген маселелерди чечип алууга, ачыктап, тактап алууга, Борбордук Азия өлкөлөрү менен Европа биримдигинин кызматташтыгын арттырууга зор түрткү берген эл аралык иш-чара болот. Бул саммиттен Кыргызстандын алары көп.