Бүгүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +26…+31, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +29…+34, Ысык-Көлдө +20…+25, Нарын чөлкөмүндө +21…+26 градусту көрсөтөт.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28…+30 жана Ош шаарында +31…+33 градуска жетет.