«Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Э. Алиев жана А. Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жалпы аянты 105 чарчы метрди түзгөн тиричилик таштандыларын сорттоочу экинчи аянтчаны ишке киргизди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пунктка кагаз, темир, пластик жана тамак аш калдыктарын бөлүп таштоо үчүн 12 даана жаңы, заманбап контейнерлер коюлган. Мында ишкананын кызматкери жашоочуларга таштандыны бөлүп таштоо боюнча жеринде такай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көзөмөлдөп турат.

Долбоор менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринде таанышып чыкты. Мындай таштанды ылгоолоочу аянтчаларды шаардын бардык аймагына куруу зарылдыгын белгилеп, долбоорду улантууну тапшырды.

Анткени буга чейин, Г.Айтиев көчөсүндөгү №11-13-көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна коюлган алгачкы пилоттук долбоор өзүнүн оң натыйжасын берген.

Долбоор «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталып, Кыргызстанда биринчилерден болуп ишке ашууда.