Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн учурдагы жетекчилиги кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык. УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында, Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Т.Ж. жана анын орун басары А.А.А., ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Б.И. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалгандар жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган деп шектелүүдө.

Тактап айтканда, Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын жергиликтүү тургундарга кезексиз жана акысыз берилүүгө тийиш болгон бир катар жер тилкелери, ошондой эле айыл чарба багытындагы категорияга кирген жер тилкелери жогорудагы кызмат адамдарынын кылмыштуу схемасы менен кызыкдар жактарга акчалай сыйлык үчүн жасалма токтомдорду чыгаруу жолу менен сатылып кеткен.

Андан кийин «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак бөлүмүнүн жооптуу адамдары Ырыс айыл аймагынын кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, жерге жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик актыларды түзүшкөн.

Бул кызмат адамдарынын кылмыштуу тобу акыркы 10 жыл ичинде кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө маанилүү жерлерде, тактап айтканда, стратегиялык жана республикалык маанидеги «Бишкек-Ош» унаажолунун боюнда, ошондой эле ички жолдор менен магистралдык көчөлөрдүн жээгинде жайгашкан ири ишкерликти жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарга ээ жерлерди мыйзамсыз өздөштүрүшкөн.

Кызмат адамдарынын жашаган жана иштеген жеринде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалгандардын кылмыштуу аракеттеринин фактысын тастыктаган жасалмалуулуктун белгилери бар материалдар табылып, алынды.

Учурда коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды жоопко тартуу максатында жер алдамчылыгынын бир нече фактыларын документтештирүү боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.