Бишкекте өткөн Күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова коло медаль утту.

Турнир Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин элесине арналып уюштурулган. Ага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 500дөй спортчу катышууда.

Жуманазарова 68 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынашууда үч жолу беттеш өткөрдү. Чейрек финалда ал мурда Азия чемпионатында мурдун канаткан казакстандык Елена Шалыгинаны жеңип алды. Ал эми жарым финалда монголиялык спортчуга жеңилип калды. Бирок Канададан келген балбанды утуп коло медалга ээ болду.

Айпери Медет кызы (76 кг салмакка чейинкилер) Казакстан, Украина жана Кытайдан келген спортчуларды жеңди. Финалда кытайлык дагы бир балбан менен күч сынашып, аны уткан соң турнирдин жеңүүчүсү аталды.