Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге 3-июнда Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен түрк лидеринин кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу аземине ардактуу конок катары катышты.

Салтанаттуу иш-чара 2023-жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында жер титирөөдөн каза болгондорду бир мүнөттүк үн катпай эскерүү менен башталып, андан соң өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырды.

Түркиянын шайланган президенти Режеп Тайып Эрдоган инаугурациялык сөз сүйлөдү.

Андан соң бардык жогорку даражалуу коноктор үчүн Түркия президентинин атынан расмий кабыл алуу иш-чарасы болду.