Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Ислам Абдразак уулу АСА уюмунда техникалык нокаут менен мекендештерибизге жениш тартуулаган спортчу Шергазы Кенжебаевге жеке ишкер Курсанбек Каныбеков автоунаа белек кылганын жазып чыкты. Ишкер Курсанбек Каныбековдун мындай кадамын социалдык тармактын колдонуучулары кубануу менен кабыл алып, “спортчуга чон колдоо болду, ишкер азамат экен, Шергазы дагы ийгиликтерди жаратсын” деген пикирлерин жазып жазышат.