«Кadam-media.kg» маалымат порталы көп убакыттан бери окурмандар тарабынан кат аркылуу жолдонгон ар түркүн тагдырлар менен бөлүшүп келебиз. Бул ирет Айнура аттуу окурманыбыз жеке куржунга кайрылып, өз башынан кечирип жаткан жагдайын айтып, каттагы каарман окуп калса «бизди тынч коер» деген оюн билдирет.

«Саламатсыздарбы ардактуу сайттын жамааты. Сиздер аркылуу өз ичимде көптөн бери жашап келген сезимимди бөлүшүүнү туура көрдүм. Мен атын атабай эле окуяны баяндап жазам, ошол адам өзүңүздү таанып билген соң биздин жашоого кийилгишпей жайыбызга коерсуз деген ойдомун. Анткени сиз бир убакта баш тартып чанып кеткен адам, азыр биздин тирөөч, жөлөк жана эки баламдын атасы экенин эсиңизге салам.

Биз алгач турмуш куруп жатканда жолдошумдун жеңелери жолдошум мурда үйлөнүп бир жылга жетпей ажырашып кеткенин, анткени келин теңине албай тоготпогон мамиле жасап, атасына машина саттырып алдыртат. Эми үй сатып бергиле, мен кайынэнем менен жашабайм деп  чыкканда, жолдошум намыстанып экөө ажырашып кеткен экен.

Жолдошум ошол окуядан кийин кыздардан көңүлү калып бир топ жыл үйлөнбөй жүрөт. Кийинчерээк Бишкекке келип жумушка орношуп, ошол жактан экөөбүз таанышып калып, жылдызыбыз келишип түтүн булаттык. Акырындап бутка туруп, үй алдык, унаа алдык балалуу болдук.

Ошол мезгилде жолдошумдун биринчи аялынын атасы кызматынан кол жууп, иш козголуп болгон байлыгын сатып кутулушат. Биздин баш кошконубузду угуп биринчи аялы бизди социалдык тармактагы баракчалары аркылуу тынбай кирип карап, бир ирет билдирүү да жазыптыр ал-абалды сураптыр. Соңунда жолдошума көңүлү бар экенин айтып, «биз бири-бирибизге жат адамдар эмеспиз го» деп жазыптырсыз. Сиз эчак эле, жолдошумду чанып кеткенде эле жат адам болуп калгансыз. Байлыктан бакыт издеген адам катары ошол алган багытыңыздан тайбаңыз, мен балдарымды атасыз калтырууга жол бербейм. Адам баласы барга да, жокго да канаат кылып жашаганда баары келет. Кечээ чанып кетип, бүгүн ар кайсы аккаунт менен жазып үй-бүлөгө бүлүк салуунун эч кажети жок. Бул ирет эскертүү иретинде жазып жатам. Кийинки жолу сүрөттөр менен соц тармакка чыгарууга кудуретим жетет. Экинчиден жолдошум мени жана балдарын жакшы көрөт. Эми кайрылып келүү үчүн сиз өтө кечигип калдыңыз», — деп жазат окурманыбыз.

Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.