10-11-июнь күндөрү Бишкек шаарында дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында «Эр Жанек» ачык Азия кубогу өтөт. Дене тарбия жана спорт департаменти мелдешке тогуз өлкөдөн (Беларусь, Казакстан, Литва, Непал, Түркмөнстан, АКШ, Өзбекстан жана Кыргызстан) 200дөн ашык спортчу катышарын маалымдады.

Кыргызстандан 62 спортчу жети салмак категориясында беттешке чыгат. Кыз-келиндер курама командасында 48 килограммдан баштап 78 килограммдан жогорку салмактагы 25 спортчу бар.

Департаменттен белгилешкендей, Азия кубогунун жеңүүчүлөрү 2024-жылы Парижде өтө турган XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарына лицензиялык беттештерге упай топтошот. Беттешке кирүү акысыз.