Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети август айынан тарта Deep Packet Inspection (DPI) технологиясын колдоно баштайт. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева парламенттин жыйынында билдирди.
Кечээ Жогорку Кеңеште балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам долбоору талкууланган.
Ачык маалымат булактарында DPI технологиясы трафикти көзөмөлдөө жана ылгоо үчүн тармактык пакеттердин мазмунун текшерери жазылган.
«Бизге бул жабык маалымат экенин айтышты. Бирок август айында ишке ашып калышы мүмкүн», — деди орун басар бийлик .com. жана .org. домендик даректерди кантип жабат деген суроого жооп берип жатып.
Ал ошондой эле балдар үчүн зыян алып келген контентке кандайча тыюу салынарын да түшүндүрдү.
«Маданият министрлиги маалыматтын зыяндуу экени жөнүндө бүтүм чыгарат, Санарип министрлиги провайдерлерге баракчаны жабуу керектиги тууралуу билдирме жөнөтөт. Эгер аткарышпаса ИИМ аларга айып салат», — деди Кийизбаева.
Ал ошондой эле Кыргызстанда эмес, башка жакта катталган соцтармактарды соттун чечими менен гана жабууга болорун кошумчалады.
Булак: Спутник кж