Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында эл аралык Астана форумунда сүйлөп жатып, кызыкдар тараптарды энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташууга чакырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө энергетикага байланыштуу маселени көтөрүп, бүгүнкү күндө дүйнө өзүнүн өнүгүүсүндөгү татаал баскычты башынан өткөрүп жатканын белгиледи. Тартыштыкты жана энергиянын кымбаттыгын эске алганда, кайра жаралуучу энергия көбүрөөк алдыңкы планга чыгууда. Азыркы учурда чакан жана орто гидроэлектростанцияларды куруу жана эксплуатациялоо долбоорлорун практикалык ишке ашыруу мүмкүн болгон суу объекттерин тандоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Бул жерде белгилеп кетким келген нерсе, Кыргызстандагы эки жүз элүү эки ири жана орто дарыялардын гидроэнергетикалык потенциалы 142,5 млрд киловатт-сааттан ашык электр энергиясына бааланат, анын ичинен бүгүнкү күндө 13% өздөштүрүлгөн. Кайра жаралуучу энергия булактарынын потенциалы жылына 840 миллион тонна шарттуу отунга бааланат. 2050-жылга чейин биз биринчи кезекте кайра жаралуучу энергияны колдонуу аркылуу көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүнү максат кылып жатабыз. Буга байланыштуу кызыкдар тараптарды энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташууга чакырам. Биз преференциялардын ишенимдүү мамлекеттик системасын түзүп жатабыз жана туруктуу энергетиканы өнүктүрүү үчүн тиешелүү чараларды көрдүк», — деп кошумчалады мамлекет башчысы.