Бүгүн Бишкектеги Улуттук тарых музейинде ЮНЕСКОнун адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине кирген “Көк бөрү – салттуу ат оюну”, “Ак калпак жасоо боюнча салтуу билимдер жана ыкмалар” жана “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн майрамы” багыттарынын сертификаттары расмий тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сертификаттарды тапшыруу аземине өлкөгө расмий сапар менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) Кыргызстандын туруктуу өкүлү Садык-Шер Нияз жана башкалар катышты.

Алтынбек Максутов салтанаттын расмий бөлүгүндө Одри Азулеге ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар комитетине Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын сактоого ар тараптуу колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, “биз, тынчтыкка, бакубаттуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө багыт алып жаткан маданиятын өнүктүрүү аркылуу ЮНЕСКОнун идеяларын жана милдеттерин алдыга жылдырууну ар тараптан колдоого алып, аны коргоо жана сактоого багытталган иш- аракеттерин дайым жүргүзө беребиз”, — деди.

Андан соң, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан көп улуттуу мамлекет экенин, ар бир улуттун маданиятын сыйлай турганын, ошол эле учурда өзүбүздүн улуттук маданий мурастарын сактоо жана андан ары өнүктүрүү, жарандардын руханий кайра жаралуусуна жана андан ары өнүгүшүнө багытталган шарттарды камсыз кылуу, ата-бабалардын мурастарын муундан -муунга улантуу, улуттук өзгөчөлүктү сактоо мамлекеттик саясаттын негизги милдети экенин баса белгиледи.

Одри Азуле адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине кирген материалдык эмес маданий мурастардан атайын түзүлгөн көргөзмө менен таанышып, маданияттын мыкты үлгүлөрүн өз көзү менен көргөнүн кубануу менен белгиледи.

Салтанаттын аягында Одри Азуле “Көк бөрү”, “Ак калпак жасоо” жана “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” багыттарынын сертификаттарын расмий тапшырды.

Эске салсак, аталган тизмеге Кыргызстандын атынан жана башка мамлекеттер менен бирге демилгеленип катталган төмөнкү тизме бар:

  • 2009-жылы Азербайжан-Индия-Иран-Кыргызстан-Пакистан-Түркия-Өзбекстан мамлекеттеринин атынан “Нооруз майрамы”;
  • 2012-жылы Кыргызстандын атынан “Ала кийиз” жана “шырдак”;
  • 2013-жылы Кыргызстандын атынан “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпикалык үчилтиги;
  • 2014-жылы Кыргызстан, Казакстандын атынан “Кыргыз жана казак боз үйүн жасоонун салттуу билими жана даярдоо ыкмалары” (көчмөн түрк элинин жашоо турагы);
  • 2015-жылы Кыргызстан, Казакстандын атынан “Айтыш-Айтыс” ;
  • 2017-жылы Кыргызстандын атынан “Көк бөрү — салттуу ат оюну”;
  • 2019-жылы Кыргызстандын атынан “Ак калпак жасоо өнөрү” жана “кийүү” салты;
  • 2020-жылы Кыргызстан, Казакстан жана Түркия мамлекеттеринин атынан “Салттуу интеллектуалдык жана стратегиялык оюн тогуз коргоол, тогуз кумалак, мангала”;
  • 2021-жылы Кыргызстандын атынан “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн майрамы”.

2021-жылы аялдардынн улуттук салттуу баш кийими “Ак элечек” номинациясы ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиясы менен биргеликте ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине каттатуу боюнча тийиштүү документтер даярдалып жөнөтүлгөн.

Учурда тайганды эл аралык деңгээлде таанытуу алкагында “Тайган таптоо билимдери жана көндүмдөрү” номинациясын ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиясы менен биргеликте ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине илгерилетүү тууралуу иш аракеттер көрүлүп жатат.

Ошондой эле, министрлик адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине кыргыз элинин салттуу “Ордо” оюнун каттатууну келечекте пландаштырууда.