Акыркы жылдары Кыргызстанда жол оңдоо иштери жанданып, бул багытта алгылыктуу жумуштар жасалууда. Ири жолдор менен бирге эле кичи шаарлардагы ички жолдор да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, асфальт төшөлүүдө. Алсак, быйыл Нарын шаарында жалпы 18,5 чакырым узундуктагы 44 көчөнү оңдоо иштери жүрүүдө. Андан тышкары, Талас, Баткен жана Жалал-Абад шаарларынын да ички жолдору оңдолуп, асфальт төшөлөт. Президент Садыр Жапаров аталган шаарлардагы ички жолдорду оңдоого кеткен каражат кайдан алынарын айтып берди.

— Садыр Нургожоевич, сиздин демилгеңиз жана тапшырмаңыз менен Нарын шаарынын ички жолдору оңдолуп-түзөлүп, асфальт төшөлүп жаткан кези. Башка шаарлардын ички жолдору дагы оңдолот экен деген сөз бар. Албетте, мындай иш-аракеттер жергиликтүү тургундар тарабынан жакшы кабыл алынууда. Мына ушундай жакшы саамалыкка кайсы булактар аркылуу жетишилип жатат, ушул тууралуу айтып берсеңиз?

— Жол экономиканын кан тамыры деп айтылат эмеспи. Ага кошумча жол элдин карым-катнашынын жакшырышына дагы түздөн-түз өбөлгө болуучу фактор да. Дегеле жол оңолсо, баары оңолчудай. Жолдорубуз оңолсо, элдин карым-катышынан баштап, туризм, экономика сыяктуу олуттуу тармактар дагы өзүнөн өзү өнүгүүгө бет алат.

Ал эми сиз сураган Нарын шаарынын ички жолдорун оңдоп-түзөп, асфальттап жакшынакай болуп жаткандыгына өзүбүздүн эле ишкер жигиттерибиз себепкер болуп жатышат. Мисалы, ошол эле Жумабек Салымбековду билесиздер, өз ыктыяры менен демөөрчүлүк кылып берген 50 млн сомго Нарын шаарынын жолдору салынууда.

Өмүрбек Бабановду да билесиздер, бул ишкерибиз болсо 80 млн сом, дагы бир жеке ишкерлер Марат Назарбеков жана Алмазбек Тиленбаев 30 млн сомдон бөлүштү.

“Бакай” банкынын ээси Сергей Ибрагимов болсо 200 млн сом каражатын ортого салды. Бул каражаттарга Талас менен Баткен шаарларынын ички жолдорун оңдойлу деп жатабыз.

Ал эми Жалал-Абаддын ички жолдорун оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 2 млрд сом каражат бөлүндү.

Мен жогоруда атаган ишкерлерди өз өлкөсүнө кайдыгер карабаган, Кыргызстанда иштеп тапкан пайдасы менен бөлүшө билген берешен, март жигиттер деп айтаар элем. Учурдан пайдаланып, мамлекетке төлөп жаткан салыгынан сырткары, өз ыктыяры менен өлкөмө пайдам тийсе деген ниеттерине ыраазычылык билдире кетейин.

 

Бизде, Кыргызстанда мындай колу ачык жигиттер көп эле деп ойлойм. Бутуна туруп, телчигип бараткан мамлекетин колдон-буттан алып, сүйөп-таяп, өнүгүп кетсе деген тилектеги эр-азаматтарыбыз четинен чыгат деп ишенем. Мындай Мекеним деген, Кыргызстан өнүксүн деген уул-кыздарыбыздын келечеги кең болсун деп тилейм.

 

Албетте, мамлекет алакан жайып олтурган жери жок, бюджеттен миллиарддаган каражаттар жаңы социалдык обьектилерди, ошондой эле жолдорду курууга жана башка багыттарга жумшалууда. Ошону менен бирге, март жигиттерибиздин өз ыктыяры менен кылган демөөрчүлүгү дагы ушундай долбоорлорду ишке ашырууга жакшы өбөлгө болуп жатат.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Булак: Кабар кж