Бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31…+36, Таласта +29…+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33…+38, Ысык-Көлдө +25…+30 жана Нарында +26…+31 градус болот.

Термометр бул күнү Бишкекте +33…+35, Чолпон-Атада +25…+27 жана Ош шаарында +36…+38 градусту көрсөтөт.