Түрк инвесторлору Кара-Балтада 800-1000 орунга ылайыкталган жаңы текстиль фабрикасын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Ишкана мурдагы килем комбинатынын базасында жайгашып, жалпы аянты 53 миң чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө Кытайдан кымбат баалуу жабдууларды ташып келүү маселеси чечилүүдө. Улуттук агенттик маселени чечүүгө жардам көрсөтүүдө.

Бул үчүн түрк инвесторлору менен Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу уюштурулуп, инвесторлордун суроолоруна толук жооп беришти.