Ак-Суу районуна караштуу Чолпон айылында бардык шарттары менен фельшердик-акушердик пунк ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ФАПтын курулушу 2022-жылдын апрель айында башталган жана курулуштун жалпы наркы 4 млн сомду түздү.

«Курулуш иштери Кувейт мамлекетинин Smart Generation коомдук фондунун жана Каракол айыл өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен бүткөрүлдү. Заманбап шарты бар ФАП керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалган, анда УЗИ, ЭКГ, тиш дарылоо кабинеттери каралган. Пункта бир дарыгер, 2 эмчи айым, 1 кенже кызматкер эмгектенет», — деп айтылат маалыматта.

Ачылыш аземи демөөрчүлүк кылган фонддун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн, дарыгерлер жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү.