Коом

Бишкек менен Ошто Омскинин университеттерине кабыл алуу башталды

Бишкек менен Ошто Омскинин университеттерине кабыл алуу башталганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эми Омск шаарындагы ЖОЖдордун көчмө кабыл алуу комиссиясы мектеп бүтүрүүчүлөрү жана алардын ата-энелери менен жолугушат.

3-июлдан 8-июлга чейин комиссия адистиктер жөнүндө маалымат берип, документтерди чогултуп, экзамендерин өткөрүп жана окуу жайлар боюнча маалымат берет.

Кайсы жактарга тапшырууга болот?

П.А. Столыпин атындагы Омск мамлекеттик агрардык университети;

Омск мамлекеттик байланыштар (транспорт) университети;

Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин Омск мамлекеттик медициналык университети;

Омск мамлекеттик педагогикалык университети;

Сибирь мамлекеттик автомобиль жана жол университети;

Омск мамлекеттик техникалык университети;

Сибирь бизнес жана маалыматтык технологиялар институту.

Омск шаарынын жогорку окуу жайларына кабыл алууга байланышкан бардык суроолор боюнча консул Нурсултан Исабек уулуна +79136341799 телефон номери жана Telegram каналы аркылуу кайрылууга болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button