Коом

Кыргызстан менен Россиянын финансы кызматкерлери тажрыйба алмашууда

Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын Финансы министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун алкагында тажрыйба алмашууга багытталган семинар өтүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,семинардын алкагында россиялык финансисттер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, бюджеттин киреше бөлүгүндө салык секторун жакшыртуу, бюджеттер аралык мамилелердин жаңы системасын киргизүү, социалдык коргоо, жашыл каржылоонун ченемдик укуктук базасы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, инвестициялык потенциал сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты.

Россиянын Финансы министрлигинин кызматкери М.Николаев финансылык менеджменттин стратегиялык артыкчылыктарынын алкагында бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун стандарттарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну сунуштады.

Семинарга КР Финансы министрлигинин кызматкерлери менен бирге Россиянын башка спикерлери да катышууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button