Кыргызстан 2023-жылга карата Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча 45-орунда жана БА өлкөлөрүнүн ичинен алдыда
Туруктуу өнүгүү боюнча 2023-жылдагы отчетуна ылайык, (Sustainable Development Report 2023) Туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча Кыргыз Республикасы изилденген 166 өлкөнүн ичинен 45-орунду (74,4 балл) ээледи. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Рейтинг боюнча Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда алдыңкы өлкөлөр Финляндия, Швеция жана Дания болду.
Рейтингде ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстандан кийин Орусия (49-орун), Армения (56-орун) жана Казакстан (66-орун) турат. Рейтингде 34-орунду ээлеген Беларусия гана өйдөрөөк турат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети маалыматтарды чогултуу, 2030-жылга чейинки күн тартибине статистикалык маалыматтарды даярдоо жана ТӨМгө байланыштуу далилдердин базасын түзүү боюнча аракеттерди координациялоо үчүн жооптуу негизги орган болуп саналат.
Алсак, глобалдык отчетто Кыргызстандын статистикалык эффективдүүлүк индекси 81,5 баллды түзүп, Борбордук Азиядагы эң жогорку көрсөткүч экени белгиленген (Казакстан – 78,2 балл, Өзбекстан – 70,6 балл, Тажикстан – 53,4 балл).
Бүгүнкү күндө Улуттук статистикалык комитет ТӨМдүн 172 индикаторуна мониторинг жүргүзүүдө, анын ичинен 110у глобалдык жана 61и улуттук болуп, жеткиликтүү бөлүштүрүү менен, ошондой эле алар боюнча метамаалыматтарга (методологияга) мониторинг жүргүзүүдө.
“Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин ТӨМ үчүн мониторинг жана отчеттуулук системасын түзүү тажрыйбасы БУУнун 2020-жылдагы глобалдык отчетунда ТӨМ үчүн улуттук мониторинг системасын куруунун ийгиликтүү мисалдарынын бири катары берилген. Бүткүл дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле, Кыргыз Республикасы да 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдык күн тартибин ишке ашырууга умтулат жана жетишилген натыйжа Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча бекем ниетин тастыктайт», — деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүндө.
Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу башталгандан бери Кыргыз Республикасы бир катар маанилүү эл аралык келишимдерди, анын ичинде БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын жана Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж макулдашуусун ратификациялады, алар Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн прогрессти тездетүүдө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет.