Кеңеш

ИИМдин Күзөт кызматы үйдү уурулардан коргоо боюнча кеңеш берди

ИИМдин Күзөт кызматы үйдү уурулардан кантип коргоо керектиги боюнча кеңештерди сунуштады.

Милиция эс алууга чыгардан мурда үйүңүздүн коопсуздугун камсыз кылуу керектигин эскертет.

Сүрөт жарыялоонун кооптуулугу

Көпчүлүк социалдык тармактардын колдонуучулары өздөрүнүн баракчаларында жашоо-турмушун байма-бай чагылдырып турат. Мунун эң коркунучтуусу — ууру кайсы жерде жүргөнүңүздү билип алышы мүмкүн. Ошондуктан саякатка чыга турганыңызды же кайсы курортто эс алып жүргөнүңүздү дароо эле жарыялоо сунушталбайт.

Ишеничтүү кулпулар жана сапаттуу терезелер

Адатта уурулар үйдүн ичине терезе же эшик аркылуу кирет. Сапаттуу кулпу жана талкалап кирүүгө туруштук бере алган сапаттуу эшик, терезелер уурунун тез кирүүсүнө тоскоолдук жаратат. Терезеден кире албагандай кылып сыртына темир тор орнотуп койсоңуз болот.

Техникалык каражаттар жана адистердин кызматы

Уурулар үйдөгү белги берүүчү системалардын үнүнөн жана датчиктерден абдан коркушат. Ошол себептен видео байкоо салган техниканы орнотуп коюунун пайдасы чоң.

Үй-жайын бекем коргоону каалагандар атайын күзөт кызматтары менен келишим түзөт. Анын кызматкерлери «Айгай» белгисине чагылгандай тез жетип келип ууруларды кармоого жетишет.

Туугандардын, кошуналардын жардамы

Сиз үйүңүздө жок учурда туугандарыңыздын бири гүлдөргө суу куюп, келип текшерип турганы жакшы. Ошондой эле кошуналар менен жакшы мамиледе болуу абдан маанилүү. Анткени алар сиз үйдө болбогон учурда көз салып, көзөмөлдөп туруудан баш тартпайт.

ИИМдин Күзөт кызматы турак жайларды кайтарууда алда канча кепилденген коргоону камсыз кылат. Анткени күзөттүн заманбап техникалык каражаттары жана кесипкөй кармоо топтору бар.

Байланыш номерлери:

Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полку: 0 (312) 61-73-09;

Бишкектин Ленин райондук күзөт бөлүмү: 0 (312) 65-85-75;

Бишкектин Свердлов райондук күзөт бөлүмү: 0 (312) 36-28-73;

Бишкектин Биринчи май райондук күзөт бөлүмү: 0 (312) 56-96-60;

Бишкектин Октябрь райондук күзөт бөлүмү: 0 (312) 44-39-93.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button