Спорт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы БАЭнин “Аль-Наср” командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыргызстандын улуттук курама командасы Дубайда окуу-машыгуу жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Жыйындар 29-августтан 13-сентябрга чейин уланмакчы, ал үчүн Штефан Тарковичтин командасынын тизмесине 26 оюнчу кирди.

Жыйындын алкагында «ак шумкарлар» эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

• 7-сентябрда «Аль-Наср» (ОАЭ) командасы менен;

• 11-сентябрда Кувейт улуттук курама командасы менен.

Кыргыз футбол союзунан кошумчалашкандай, жолдоштук оюндардын трансляциясы тууралуу кийинчерээк маалымдалат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button