Спорт
Бишкекке футболдун легендасы Карлес Пуйоль келди
Эл аралык «Манас» аба майданына дүйнөлүк жана испаниялык футболдун легендасы Карлес Пуйоль келип түштү.
Пуйоль 10 жыл «Барселона» командасына капитандык кылган, анын жетеги менен команда Испаниянын алты чемпионатында, Чемпиондор лигасында үч, дүйнөнүн клубдук чемпионаттарында эки ирет жеңүүчү болгон. Бул тармактагы андан башка беделдүү бир топ турнирлерде жылдызы жанып, ийгилик жараткан. Испаниянын курама командасы менен биргеликте 2008-жылы Европанын биринчилигинде, 2010-жылдагы дүйнө чемпионатында жеңүүчү атыккан.
Эске салсак, «Барсанын» легендарлуу мурдагы оюнчулары Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Ривалдо жана башкалар 31-августта Кыргызстанга келери пландалган. Алар испаниялык клубдун Жалал-Абаддагы академиясынын ачылыш аземине катышат. Ушундай эле академиянын Бишкектеги имаратынын курулушуна капсула салуу пландалууда.
Франшизаны жергиликтүү компания сатып алган. Анын алкагында «Барселона» менен Борбор Азия легендаларынын жолдоштук беттеши уюштурулуп, анда президент Садыр Жапаровдун ойной турганы маалым болгон.