Улуттук банктын алтын запасынын баасы 94 млрд. сомдон ашты
Июль айында Улуттук банктын алтын запасынын баасы 4 миллиард 630,5 миллион сомго жогорулады.
Башкы банктын сайтынан алынган маалыматтар:
июлдун башы — 89 миллиард 792,3 миллион сом;
августтун башы — 94 миллиард 422,8 миллион сом.
Алтынга болгон дүйнөлүк баа жана доллардын курсу кандай болуп өзгөрдү
Кыргызстанда доллардын курсу 1-июлдан 1-августка чейин 50 тыйынга кымбаттады. Ал эми алтындын дүйнөлүк баасы бул убакыт аралыгында 40 долларга же 18,4 долларга жогорулаган.
Олку-солкулук
2021-жылдын май айында Улуттук банктын алтын запасынын баасы 99 миллиард сомдон ашып (бул рекорд), сентябрда 29 миллиардга чейин түшүп кеткен. Кийинчерээк Улуттук банк 2021-жылдын башында дээрлик 20 тонна баалуу металл сатканын жар салган болчу. Андан соң запастын көлөмү өйдө-ылдый болгону менен өсүшкө кеткен. Ошентип быйылкы 1-августта экинчи рекорддук көрсөткүч камсыздалды.