Спорт

Сурдо күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан байге алгандар акчалай сыйланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-11-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн угуусу начар жана дүлөйлөр арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мелдешке дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 250 спортчу келген. Кыргызстан командалык эсепте үчүн орунду ээледи. Акылбек Жапаров кыргызстандык балбандарды президенттин атынан куттуктаган.

«Эгемендүүлүк тарыхыбызда алгач ирет Кыргызстанда биринчи жолу дүлөйлөр арасында таэквондо, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш боюнча Азия-Тынч океан чемпионаты өттү. Ошол чемпионаттагы Кыргызстандын жакшы көрсөткүчтөрүнүн негизинде кийинки дүйнөлүк чемпионатты бизде өткөрүү боюнча чечимдин кабыл алынышы биз үчүн сыймык болду», — деди Жапаров.

Өкмөт башчы аталган чемпионатта 1-орунду алгандарга 100 миң, 2-орунга 80 миң, 3-орунга 70 миң сомдон бергени айтылды.

Белгилей кетсек, угуусу начар жана дүлөйлөр арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты 2-12-сентябрь күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button