Экологиялык акциянын алкагында жана мамлекет башчысынын “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппараттын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү.
Бүгүн, 16-сентябрда ИИМдин борбордук аппараттын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аймагын, Касым Тыныстанов, Михаил Фрунзе жана Жумабек көчөлөрүнө жанаша жайгашкан көчөлөрдү тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ишембиликке ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын бардык бөлүктөрүнүн кызматкерлери катышты.
Керектүү жабдыктар менен кызматкерлер таштандыларды, жалбырактарды жана чөптөрдү чогултуп тазалашты. Милиция кызматкерлеринин бирдиктүү аракеттеринин натыйжасында бир нече сааттын ичинде министрликтин айланасы көрктөнүп, бардык жер тазаланды.
Мындай иш-чаралар айлананы иретке келтирүүгө гана жардам бербестен, биргеликтөө иштөөнүн духун жогорулатат. Ишембиликке катышкандардын баарына ыраазычылык билдиребиз, биргелешип шаарларыбызды жакшыртабыз!
ИИМдин Басма сөз кызматы