Кылмыш-кырсык

Баткендин көчөлөрүнө баңгизаттарды жарнамалаган жазууларды жазган жарандар кармалды

Баткен шаарынын көчөлөрүндө 2023-жылдын 17-сентябрдан 18-сентябрга караган түнү белгисиз жазуулар пайда болгон. Бул жазуулар бангизаттарды жана психотроптук заттарды сатып алууга үгүттөгөн жарыялар экендиги маалым. Баткен РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 18-сентябрь күнү эрте менен Ош шаарынын үч тургуну аныкталып, Баткен шаарынан кармалды.

Алар 25 жаштагы Х.М., 26 жаштагы Н.С., 25 жаштагы Н.М. аттуу жарандар экенидиги аныкталып, алардын экөөсү мурда сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду.
Бул жарандар синтетикалык баңгизатын соцтармактар аркылуу жарыялап, сатып, кардар табуу аракетинде көчөлөргө жазууларды жазышкан.
Жогорудагы факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button