Коом

ИИМде Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын 105 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 22-сентябрда Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын (МТББ) түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков, ардагерлер, ИИМдин МТББнын өздүк курамы жана Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББдин маалыматтык технологиялар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бүгүнкү күндө алар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү аткарып, эң негизгиси жарандардан оң пикирлерди алып жаткандыгын белгиледи.

Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков өз сөзүндө: «Маалыматтык технологиялар бөлүмдөрү өзүнүн бүткүл ишмердиги учурунда кылмыштарды иликтөө жана ачуу боюнча иштерди уюштурууга олуттуу салым кошуп келишти.

Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы тарабынан укук коргоо органдарына кылмыштарды ыкчам иликтөөгө жана ачууга көмөк көрсөтүү максатында, маалыматтык эсепке алууну түзүү жана маалымат базаларын жүргүзүү, ошондой эле санариптик технологияларды өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда. Келечекте Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына болгон элдин ишенимин, маалыматтык технологиялар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери өздөрүнүн жөнгө салынган жана так ишинин аркасында, арттыра тургандыгына ишенем»-деди, ал.

Айтылган жылуу сөздөрдөн кийин салтанаттуу бөлүк башталып, ардагерлерге, конокторго жана башкы башкармалыктын кызматкерлерине сыйлыктар, ыраазычылыктар, грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, жыл сайын 23-сентябрда КРнын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button