Спорт
Ормон хандын 230 жылдыгына карата улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өтөт
Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Нарын облусунун Кочкор районунда Ормон хандын 230 жылдыгына карата улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер саат 10:00дө башталат, анын жүрүшүндө ат чабыш, салбуурун жана кыргыз күрөшү боюнча беттештер болот.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.