Ошто майыптыгы бар жарандардын арасында мелдештер өттү
Ош шаарында түштүк аймагы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спорттук мелдеш уюштурулуп, ага Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан жана Ош шаарынан 100дөн ашык адам катышты.
Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, алар кичи футбол, шахмат, аркан тартыш боюнча мелдешишти.
Аркан тартыш боюнча мелдеште 1 -орунга Ош шаарынын, 2 -орунга Кадамжай шаарынын, 3 -орунга Араван шаарынын командасы татыды.
Кичи футбол боюнча жалпы 8 команда катышып, 1-орунду Таш-Көмүр шаарынын, 2 -орунду Жалал-Абад шаарынын, 3 -орунду Кара-Суу шаарынын командалары ээледи.
Ал эми шахмат боюнча (1- орун) А.Топчиев, (2-орун) М.Анарбаев жана (3-орун) А.Кошоев жеңүүчү болушту.
Жеңүүчүлөр дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.