Адис баш ооруну дары ичпестен кантип жазса болорун айтты
Көп учурда баш моюн омурткалары менен моюн булчуңдарынын абалына байланыштуу ооруйт. Бул тууралуу Sputnik радиосуна реабилитолог Владимир Бондаренко билдирди.
Дарыгердин айтымында, көпчүлүк адамдар баш оорунун себебине маани бербестен, дароо эле ооруну басчу дары иче салышат. Ошондой эле ал баш оорунун себептери өтө көп экенин айтып, адамда бул абал көптөн бери, улам-улам кайталанып жаткан болсо дарыгерге кайрылуу зарылдыгына токтолгон.
«Баштын оорушуна көбүнчө омуртканын көкүрөк туштагы жана моюн тараптагы бөлүгүнүн абалы, моюн менен далынын ортосундагы булчуңдун жакшы эмес иштеши себеп болот. Бул булчуңдар көпкө чейин жакшы иштебей жаткандыктан адамдын далы жагы «таштай» катып калат. Мындан улам баштын кан тамырларында кан айлануу начарлайт», – деп түшүндүрдү Бондаренко.
Ал адегенде бейтап дарыгерге кайрылып, бардык керектүү анализдерди тапшырып текшерүүдөн өтүшү кажет экендигин билдирди. Андан кийин гана оору менен күрөшүү жолдору тандалып алынарын айткан.
«Кайсы бир булчуңдарды машыктыруудан мурун ткандарды «дем ала тургандай» абалга келтирүү керек, ошондо жумшак, ийилчээк болуп калат. Андай абалга укалоо, ийне саюу, сүлүк коюу жолдору менен жетсе болот», – дейт дарыгер.
Ал ооруну басуунун натыйжалуу жолдорунун бири башты укалоо экенин айтат. Далы, моюн тараптан тартып кулактын артына чейин, желкени, башты укалоо көптөгөн адамдардын баш оорусунун жазылышына жардам берет. Ал эми аны алдын алуу үчүн эртең менен дене тарбиялык көнүгүү жасап, таза абада көп сейилдөө сунушталат.