Ренессанс доору – улуттун тамырын, өзгөчөлүгүн, каада-салтын сактап, ошол эле учурда алдыга жылып, өнүгүү дегенди билдирет, андыктан кайра жаралуу эң оболу болгон руханияттан, ой жүгүртүүдөн жана түшүнүктөн башталышы керек. Өзбекстан үчүнчү Ренессансты маданияттан баштады. Бул тууралуу Эл аралык түрк маданий уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчсы Султан Раев жакында байыркы Самаркан шаарына болуп өткөн “Өзбекстан маданий мурасы жана жаңы ренессанстын фундаменти” эл аралык VII конгресси алкагында “Кабар” агенттигине берген чакан маегинде айтты.
Анын айтымында, Улуу Жибек жолунун кесилишинде жайгашкан Өзбекстандын көп кылымдарды карыткан өзгөчө бай тарыхы бар. Өзбек маданияты бир гана Борбор Азия элдеринин эмес, бүткүл түрк элдеринин миңдеген жылдык улуттук тарыхы, тили, адабияты, искусствосу, баалуулуктары, каада-салты жана жашоо образы менен тыгыз байланышта.
“Түрк элдеринин орток маданиятын өзбек маданиятысыз элестетүү мүмкүн эмес. Кайталангыс жаратылыш эстеликтери, элдик оозеки чыгармачылык бардык убакта дүйнөнүн көңүлүн өзүнө тартып келген”, — деп айтты Раев.
Башкы катчы мына ушундай бай маданий мурастарды сактоо, изилдөө жана жайылтуу максатында акыркы жылдары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен масштабдуу иштер жүргүзүлүнө көңүл буруп, бул демилгелер көптөгөн өлкөлөргө үлгү болуп жатканын баса белгиледи.
Тактап айтканда, мындан жети жыл мурда уюшулган “Өзбекстандын маданий мурастарын изилдөө, сактоо жана жайылтуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк коому”нун (WOSCU) негизги максаты — дүйнөлүк алкактагы өзбек маданий мурасын жыйноо, аны жайылтуу, тарыхый инсандардын дарегин, тарыхый булактарды изилдөө болуп саналат.
Жети жыл аралыгында бу уюм менен байланышта иштеген чет элдик илимпоздор дүйнөлүк архивдерден англис, араб, кытай, фарси, француз, немец, жапон тилдериндеги булактарды изилдеп, өзбек мурас казынасын табууга, аны ачыкка чыгарууга көмөк берген. Эски кол жазмалар, тарыхый даректер, артефактар, ойчулдар эмгектеринин бай мурасы жыйналган. Өзбекстан 200 томго жакын жаңы эмгектерди жарыялоо үстүндө иштеп жатат.
Бу доорду — Өзбекстандагы үчүнчү Ренессансы деп баалады. Өзбекстан маданий мурасына зор каражат бөлүп, мыкты долбоорлорду турмушка ашырды. Бир миллиард долларга жакын каражатты чапчыган бу амбициялуу программалар реалдуу иштер менен турмушка ашып жатат. Өзбекстанда 50дөн ашуун көркөм, даректүү, илимий популярдуу фильмдерди тартуу жөнүндө маселе коюлуп, ири долбоорлор башталды.
Маселен, атактуу режиссер Тимур Бекманбетов “Кожо Насериддин” анимациялык көп сериялуу фильмди тартууну баштаган. “Амир Темир” көркөм фильмин жаратуу аракети ишке кирди. Бул фильмдерди тартууда түрк тилдүү мамлекеттердин, ошондой эле Кыргызтандын да атактуу актёрлору катышат.
“Өзбек маданияты: Тимурдун кылычы, Улугбектин жылдыздары, Навоинин калеми, Бабурдун эрдиги, Аль Берунинин даанышмандыгы, Аль Бухаринин дубасы жараткан ыйык мурас. Маданий мурасты сактоо – улуттун өзгөчөлүгүн сактоо менен барабар”, — деп сөзүн жыйынтыктады Султан Раев.
Булак: Кабар.кж