Бишкектеги эки Калкты тейлөө борборунда иш сааттары узартылды

Бишкектеги эки Калкты тейлөө борборунда иш сааттары узартылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган министрлик жарандар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 20-ноябрдан 29-декабрга чейин пилоттук долбоорду ишке киргизди.

Анын алкагында Жибек-Жолу проспекти, 381 жана Нуркамал Жетишкаева көчөсү, 29 даректериндеги Калкты тейлөө борборлорунда иш убактысы саат 08:00дөн 20:00гө чейин узартылды.

“Документтерди кабыл алуу терезелеринин бир бөлүгү ишин улантат, адистер үчүн түшкү тамак нөөмөт тартибинде болот”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Калкты тейлөө борборлорунун иши жөнүндө кененирээк маалыматты 119 колл-борборунан (чалуу акысыз) алууга жана өз сунуштарыңызды калтырууга болот.