Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору дары ичпестен ден соолукту чыңдап, иммунитетти көтөрүүнүн бир нече жолун атады.
Аталган борбор начар иммунитет ар дайым оору же алсыздык менен коштолорун белгилеп өткөн. Мындай жагымсыз нерселерди алдын алуу үчүн төмөнкү нерселерди сунуштаган:
стресстен оолак болуу;
жаныбарларга жакын болуу;
достук мамилени чыңдоо;
жашоодо болуп жаткан окуялардан жакшы нерсени көрө билүү. Күлүп жүрүү, позитивдүү ойлонуу иммунитетти көтөрөрү талашсыз;
туура тамактануу. Тез татымдардан, таттуу, майлуу тамактардан баш тартуу зарыл;
кыймылда болуу;
уйкуну көзөмөлдөө.