— техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам электр кубаты кескин жогорулап кетиши мүмкүн. Бул абал кубаттагыч ысып, түтөп өрттөнүшүнө алып келет;
— заманбап телефон кубаттагычы өрткө каршы системасы менен жабдылган. Бирок убакыттын өтүшү менен анын ички тетиктери эскирет. Өзгөчө арзан баадагы жана үч жылдан ашык пайдаланылган кубаттагыч өрт кырсыгына кептейт;
— кубаттагыч ысып кеткенин байкасаңыз аны алмаштырганыңыз оң;
— кубаттагычты, телефонду, планшеттерди күндүн нуру түз тийген жерге коюуга болбойт;
— телефонду токко сайып алып көпкө сүйлөшүүгө, оюн ойноого, кино, видео көрүүгө болбойт;
— кубаттагычты электр тогуна сайганда кароосуз калтырбаңыз. Айрыкча, балдар жетпегендей жерде болушу керек жана анын зымы менен ойноого жол бербеңиз;
— электр чыңалуусу катуу шамал, бороон болгондо, жаан жааганда, чагылган түшкөндө көп болот. Андыктан мындай учурда бардык үй-тиричилик буюмдарын токтон сууруп коюу сунушталат.