Коом

Кыргызстан-Кытай ортосундагы билим берүү жана кызматташуу маселелери талкууланды

Кыргыз-Россия Славян университетинде “Кытай көпүрөсү – 2024: Билим берүү жана илим тармагы” деп аталган илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Бул туурасында аталган окуу жайдын уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, конференциянын расмий бөлүгүндө КРСУ ректору Денис Фомин-Нилов, Лимин профессионалдык университетинин проректору Линь Чжаоюн, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун директору Апаева, Кусеин Карасаев атындагы БГУнун Кытай филологиясы кафедрасынын башчысы Өмүралиева катышы.

“Иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы билим берүү жана кызматташуунун маанилүү аспектилерине арналат”, — дешти уюштуруучулар.

Катышуучулар эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы өз ара кызматташуунун келечегин, кытай тил илиминин маанилүү маселелерин, маданияттар аралык байланыштын теориялык жана практикалык маселелерин талкуулашмакчы. Андан сырткары кытай тилин окутуудагы көйгөйлөр жана жаңычылдыктар боюнча да кеп болду.

Иш-чараны КРСУнун Эл аралык мамилелер факультетинин Дүйнөлүк тилдер кафедрасы уюштурган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button