УКМК: 1 млн 500 миң сомду алдап алган жаран кармалды
Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан З.у.А аттуу жаран кармалып, ал алдамчылык жолу аркылуу КР УКМК төрагасынын жакындары менен таанышпыз деген шылтоо менен, УКМК тарабынан мурда кармалган КР министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ( мурда “Унаа”) кызматкеринин бир тууган инисинин ишенимине кирген. Ошондой эле, кылмыш ишин токтотуу маселесин чечип берүүнү убада кылып, 1млн 500миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылып алган.
Аталган фактынын негизинде КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында З.у.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.