УКМК: Ош шаарында аткезчилик дары-дармекти сатуу каналына бөгөт коюлду
Ош шаарында аткезчилик дары-дармекти сатуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.
Ыкчам маалыматтарга ылайык, Ош шаарынын тургуну С.Н.Н. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментинин кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп алып, Ош облусу жана Ош шаарынын аймагында контрабандалык жол менен алынып келинген дары-дармектерди сатуу каналын уюштурган.
Тактап айтканда, С.Н.Н. жүк ташуучу компаниялардын кызматы аркылуу бир тууган агасы А.С.Н.нын атына катталган «Фарм Юг» ЖЧКсына дары-дармек препараттарына заказ берген.
Буга байланыштуу УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы, Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментинин борбордук аппараты тарабынан «Фарм ЮГ» ЖЧКсынын ишмердигин текшерүү, ошондой эле салыктык текшерүү дайындалды.
Азыркы учурда тергөө тапшырмасынын негизинде Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек департаментинин кызматкерлери менен биргеликте «Фарм Юг» ЖЧКсынын тиешелүү дары-дармек каражаттарынын кампа имаратында жана 8 дарыкана пункттарында текшерүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасына контрабандалык жол менен алынып келинген 150 аталыштагы медициналык препараттардын үлгүсү аныкталды.