Дүйнө

Сауд Аравияда ажылык учурунда каза тапкандардын саны миңге жетти

Сауд Аравияда ажылык учурунда каза тапкандардын саны миңге жетти.

France-Presse маалымдагандай, адамдардын көз жумушуна күндүн катуу ысышы себеп болууда. Меккедеги абанын температурасы дээрлик 52 градуска чейин жогорулады.

Күн мурун Меккеде жүргөн россиялык үч зыяратчы каза болгондугу айтылган. Алар ден соолугуна жана жаш курагына байланыштуу көз жумган. Каза тапкандардын сөөктөрү Меккеде жерге берилет.

Эске салсак, буга чейин каза тапкандардын 323ү Египеттин жараны, 11и ирандык зыяратчы экендиги кабарланган.

16-июнда Reuters агенттиги Сауд Аравияда Иорданиянын 14 зыяратчысы көз жумса, дагы 17си дайынсыз болуп жаткандыгын маалымдаган.

Ушу тапта Меккеде жалпысынан 1,8 миллиондон ашык зыяратчы жүрөт.

Буга чейин “Кабар” агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан ажылык учурунда каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин билдиришкен эле. Учурда 6060 жаран Сауд Аравияда ажылык амалдарын аткарып жүрүшөт. Алардын алгачкы тобу эртеңден тарта өлкөгө кайта баштайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button