Саясат

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – бул өзгөчө мамилени, абийир алдындагы жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кылган кызмат.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда бул кесиптин маани-маңызын түшүнө билген, моюндарында кандай жоопкерчилик бар экенин сезе билген жарандар иштеп жатат деп ишенимдүү айта алам.

«Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот» деген таамай айтылган сөздөрү менен таанымал элибиздин чыгаан уулу Исхак Раззаковдун жолун улоочулар араңыздарда арбын. Чындыктан, калыстыктан тайбаган тазалыгы, саясий көрөгөчтүгү, принципиалдуулугу менен эл кадырына арзыган, калк кызыкчылыгын пенделик ынсаптан жогору коё алган уул-кыздарыбыз бар деп бекем ишенем.

Кадр маселеси бардык доордо олуттуу маселелерден болуп келген. “Кадрлар бардыгын чечет”, “Начар мыйзамдар болсо да, мыкты мамлекеттик кызматкер менен өлкөнү башкарса болот. Бирок мамлекеттик кызматкерлер начар болсо, эң мыкты мыйзамдар да жардам бербейт” деген таамай сөздөр тарых барактарында бекеринен калбаган чыгар.

Азыр биз жаңылануу заманында жашап жатабыз. Жаңы мезгил жаңыча иштөө боюнча жаңы талаптарды коюп келет. Дүйнөлүк тобокелдиктерге жана чакырыктарга туруштук бере турган кадрдык дараметибизди арттыруу учурдун талабы.

Биз дагы дүйнөлүк агымдан артта калбай башкаруунун жаңы ыкмаларын колдонууга басым жасашыбыз зарыл. Ушу тапта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун туруктуу системасы түзүлдү. Себеби бүгүнкү күндө биз заманга жараша кадрларыбызды өстүрүшүбүз кажет.

Кызматка кесипкөй адистерди, келечектүү жаштарды тартуу, мамлекеттик кызматчылардын адеп-ахлагын жакшыртуу жана мамлекеттик башкаруудагы коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартуу иштеринин жүрүп жатканын коомчулук көрүп турат.

Биз муну менен чектелип, токтобошубуз керек, бул аракеттер биздин ишибиздин башталышы гана. Мындан ары да кадр өстүрүү жана кадр даярдоо иштери тынымсыз уланат.

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Бир максатта жаңы форматтагы мамлекеттик, коомдук системаны куруу, коррупциялык көрүнүштөрдөн арылуу, коомдук аң-сезимди калыптандыруу, улуттук идеологияны камсыз кылуу менен элибиздин ишенимине ээ болууга умтулалы.

Сиздердин Ата Мекен алдындагы жоопкерчиликтүү ишиңиздерди аткаруудагы ой-максаттарыңыздар орундалсын. Кесипкөйлүгүңүздөр артып, журт алдында жүзүңүздөр жарык болсун. Талбаган эмгегиңиздерден баар таап, эл уулу атанышыңыздарга тилектешмин.

Ден соолукта болуңуздар!

Өлкөбүздү жоопкерчилиги жогору мамлекеттик жана муциципалдык кызматкерлер алдыга сүрөсүн!”

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button