Кылмыш-кырсык

Баткенге бир миллион сомдук товарды аткезчилик жол менен алып өткөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды

Жакында Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы менен Бажы кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кадамжай районунун Кайтпас айылынан коңшу өлкөнүн жараны 1989-жылы туулган А.А. аткезчиликке шектелип кармалган. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал өзүнүн “DAMAS DLX” үлгүсүндөгү автоунаасында өз өлкөсүндө чыгарылган кездемелерди, кийим-кечектерди аткезчилик жол менен алып өтүүгө шектелүүдө. Аны текшерүү учурунда жалпы баасы 1000000 сомго жакын товарларын эч кандай тиешелүү документтери жок Кыргыз Республикасына “Кайтпас” убактылуу көзөмөл өткөрүү пунктунан аткезчилик жол менен мыйзамсыз алып өткөнү аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиинин 231-беренесинин 1-бөлүмү менен (Экономикалык контрабанда) менен кылмыш иши козголгон.
Натыйжада, 26-июнь күнү коңшу өлкөнүн жараны А.А. шектүү катары Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button