![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/06/ьтитиь-468x470.jpg)
Коом
28-июнга карата аба ырайы
Жума күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас аймагында 30…35, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 33…38, Ысык-Көл жеринде 26…31, Нарын өрөөнүндө 22…27 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында 36…38 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Атада 27…29 градусту көрсөтөт.