Коом

Кыргызстанда депозиттердин көлөмү эки эсеге өстү

Акыркы маалыматтар боюнча (майдын аягына карата) Кыргызстанда депозиттердин көлөмү 501 миллиард 995 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында жазылган.
Эске салсак, буга бир гана депозиттин (кыска мөөнөттүү жана керектөөгө чейинки) өзү эле эмес, банктык эсептеги акчанын көлөмү да кошулат. Кеп юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле чет элдиктердин эсеби тууралуу болуп жатат.
Учурдагы көлөм рекорддук көрсөткүч. Ал апрель айынын аягына салыштырмалуу дээрлик 24,8 миллиард сомго көп.
Акыркы жылдары Кыргызстанда депозиттик базанын көлөмү дурус өсүүдө. Салыштырсак, 2022-жылдын июнь айынын аягында ал 249,5 миллиард сомду түзгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button