Коом

Омск, Томск, Новосибирскидеги ЖОЖдорго тапшыруу күндөрү жана шарттары

Бишкекте Россиядагы жогорку окуу жайларга тапшыруу боюнча кыргызстандыктарга бөлүнгөн квота боюнча бүтүрүүчүлөрдүн документин кабыл алган көчмө комиссия иштеп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги комиссия Россиянын Омск, Томск, Новосибирск облустарындагы университеттерге кабыл алуу кайсы күндөрү өткөрүлөрүн жарыялады.
Жогоруда аталган облустардагы ЖОЖдорго тапшыруу графиги төмөнкүдөй:
26-июндан 1-июлга чейин Томск облусундагы Сибирь мамлекеттик медициналык университетине, Томск мамлекеттик университетине, Томск политехникалык жана Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университетине окууга тапшырса болот.
29-июндан 3-июлга чейин Омск мамлекеттик техникалык университети, Омск мамлекеттик медициналык университети, Омск мамлекеттик транспорт жана темир жолу университети жана Новосибирск облусундагы Сибирь мамлекеттик транспорт жана темир жол университети документтерди кабыл алат.
«Буга чейин документтерин онлайн форматта сайттар аркылуу жөнөткөндөр 26-июндан 3-июлга чейин кирүү сынактарынан өтүшөт. Сынактар Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы республикалык китепканада өтөт. ЖОЖдор окууга өткөн абитуриенттерди жатакана менен камсыз кылууга, студенттердин миграциялык документтери боюнча маселелерин чечүүгө жана мыкты студенттерге стипендия берүүгө даяр», — деп айтылат маалыматта.
Абитуриенттер толук маалымат менен бул шилтеме аркылуу таанышса болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button