Кылмыш-кырсык

ИИМ: Чоң-Алай районунда ишкерден 10 миллион сом акча опуза талап кылган шектүүлөр кармалды. Видео

2024-жылдын 18-июнунда ички иштер органдарына арыз менен ишкер кайрылып, Чоң-Алай районунун Карамык айылында көмүр казуу иштери башталганын, анан ага айрым адамдар тарабынан коркутуп-үркүтүү жана опузалоо болуп, 10 000 000 сом акча талап кылып жатканын билдирген.

Маалым болгондой, А.Н. аттуу ишкер Чоң-Алай районунун Карамык айылында көмүр казуу боюнча иштерин баштаган учурда, өздөрүн жергиликтүү жашоочуларбыз деп, толук кандуу иш жүргүзүүгө жол бербейбиз деп, коркутуу жолу менен 10 000 000 сом акча каражатын талап кыла баштаган.

Бул факт боюнча топтолгон материалдардын негизинде Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «опузалап талап кылуу» боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүп, натыйжада Чоң-Алай районунун тургундары 1965-жылы туулган А.Ж. жана 1970-жылы туулган Т.З. аттуу жарандар ишкерден 44 400 АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалышты.
Кармалгандар Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин талабына ылайык кылмыш жасады деген шек менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Иш боюнча тергөө иштери уланууда.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button