Саясат

Кыргызстанда 1-июлдан тарта пенсия көбөйөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, өлкөдөгү пенсияларды жогорулатуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысы пенсия курагына жеткен жана пенсияга чыккан жарандарыбыздын татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу — өлкөнүн ишинин артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

Бул маселе боюнча Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев баяндама жасады.

Анын айтымында, 2021-жылга чейин пенсиянын орточо өсүшү минималдуу деңгээлде жүргүзүлүп келген. 2021-жылдан тартып өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен пенсия олуттуу деңгээлде жогорулап баштаган. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесин ишке ашыруу максатында Социалдык фонд “Келечек булагы” туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын иштеп чыгып, мунун алкагында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

Бактияр Алиев 2021-жылдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу эң жогорку көрсөткүчкө жеткенин билдирди. Бул мезгилден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акыларынын жогорулашынан улам камсыздандыруу төгүмдөрү көп чогулуп, бул пенсиянын көбөйүшүнүн негизги фактору болду. Мисал катары 4 жылдык көрсөткүчтү ала турган болсок. 2017-жылдан 2020-жылдар аралыгында камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноонун көрсөткүчү 115,7%ды түзсө, 2021-жылдан 2024-жылга чейинки 4 жылда бул көрсөткүч 210%га жетти. Белгилей кетчү жагдай, үстүбүздөгү жылы ишкерлерди колдоо, көмүскөдөгү камсыздандыруу төгүмдөрүн ачыктоо максатында камсыздандыруу төгүмдөрү 27%дан 12%га чейин төмөндөтүлдү. Бул көрсөткүч эл аралык практикада уникалдуу кадам болуп эсептелет.

Ал октябрь айынан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 900 сомду түзүп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренеси ишке кирерин айтты. Бул кабар пенсионерлер үчүн абдан жакшы жаңылык болду. 2021-жылдан тарта ушул күнгө чейин пенсияны бир нече этап менен жогорулатуу аракети көрүлдү. Мисалы, 2022-жылы пенсия 33%га көтөрүлгөн. Бул үчүн жалпы 20 млрд. сом керектелген. 2023-жылы Социалдык фонд пенсиялык фонддун каражатынын эсебинен 30 миң сомго чейинки пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн (38%га ) жогорулатууга жетишти. Бул көтөрүү үчүн дагы пенсиялык фонддон кошумча 20 млрд сом бөлүнгөн.

Соцфонддун жетекчиси президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен пенсионердин жашоо минимумунан кем кылбоо үчүн пенсиялар 2024-жылы көбөйөрүн белгиледи. Бул үчүн 2 этап менен кошумча 20 млрд сом бөлүнөт. Пенсияны жогорулатуунун 1-этабы 2024-жылдын 1-июлунда ишке кирип, анда эң минималдуу пенсия 3 500 сом болот. Ал эми 2-этап октябрь айында ишке кирип, пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 18%га, бирок 1000 сомдон кем эмес жогорулайт. Буга 2024-жылдын 3 айы үчүн 3 млрд 927 млн сом кошумча каражат керектелет. Бул каражаттын 3 млрд 140 млн сому пенсиялык фонддон, 787 млн сому республикалык бюджеттен каржыланат.

Бактияр Алиев республикалык бюджеттен бөлүнө турган 787 млн сом бюджеттен оптималдаштырылган каражаттын эсебинен төлөнө турганын баса белгиледи. Жыйынтыгында, 2024-жылдын октябрь айынан тарта өлкөдө эң минималдуу пенсия 6 900 сомду түзүп, жалпысынан 3 жыл аралыгында пенсияны жогорулатууга кошумча 60 млрд сом сарпталды. Мындан башка, анын айтымында, 2021-жылга чейин пенсионердин жашоо минимумунан төмөн пенсия алган пенсионерлердин саны 349 000 адамды же өлкөдөгү жалпы пенсионерлердин 49%ын түзсө, 2023-жылга карата бул көрсөткүч 306 000 адамга азайып, 40%га чейин кыскарган. 2024-жылдын октябрь айынан тартып бул көрсөткүч толугу менен жокко чыгарылат.

Маалыматты уккан соң президент Садыр Жапаров Социалдык фонд өз убагында кайра эсептөөлөрдү жүргүзүп, жаңы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылуу жаатында иш-аракеттерди ыкчамдатышы керектигин баса белгиледи. Аны менен бирге, пенсиялык системаны реформалоого, пенсиянын майнаптуулугун жогорулатууга багытталган мыйзамдарга кол коюлду. Эми бул реформага багытталган мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүшү зарыл.

Мамлекет башчысы учурда өлкө өнүгүү жолуна түшкөнүн баса белгиледи. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 18%га, бирок 1000 сомдон кем эмес жогорулайт, башкача айтканда жогорулатууну жана пенсионердин жашоо минимумунун өлчөмүнө чейин жеткирүүнү эске алуу менен пенсиянын базалык бөлүгү жогорулайт.

“Жөнөкөй тил менен айтканда, жалпысынан пенсиянын өлчөмү 6900 сомдон кем болбойт. Бүгүнкү кабыл алган Жарлыгыбызда дал ушул маселе чагылдырылган. Муну менен биз Конституциянын талаптарын аткарып жатабыз. Бул пенсиялык камсыздоо практикасында алгачкы жетишкендигибиз болуп олтурат. Буга чейин колуна 1000 сом алган пенсионерлер эми 10-июлдан тарта 3 500 сомдон ала башташат. Ал эми 10-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомдон кем эмес болот. Бул оңойго турган жок, бирок биз буга акыркы жылдары коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы активдүү жана элдешкис күрөш жүрүп жаткандыгынын, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында өлкө экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу менен жетише алдык”, — деп президент Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктап, кол коюлган жарлыктын маанилүүлүгүн айта кетти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button