Коом

Жамиля Жаманбаева мигранттардын укуктарынын маанилүүлүгүнө көңүл бурууга чакырды

27-июнда Санкт-Петербург шаарында (Орусия) КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун (Омбудсмен) мигранттардын укуктары жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарын карашты.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчыларына мигранттардын укуктарын чагылдырган ченемдик укуктук актылардын аналитикалык жыйнагын тапшырды.

Жамиля Жаманбаева КМШ өлкөлөрүнүн акыйкатчыларына мигранттардын пенсияга болгон укуктарынын корголушунун маанилүүлүгүнө көңүл бурууга чакырды.

«Мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсү көптөгөн факторлордон көз каранды, алардын бири – калыптанган пенсиялык система. Пенсиялык системалар ар кандай топтоо принциптерине ээ жана убакыттын өтүшү менен социалдык, экономикалык жана саясий чөйрөдөгү көптөгөн факторлордун таасири астында өзгөрөт. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгек мигранттарынын жана үй-бүлө мүчөлөрүн пенсия менен камсыз кылуу туруктуу жашаган мамлекеттин мыйзамдары, ошондой эле, эл аралык келишимге ылайык жөнгө салынат.
Мигранттардын укуктарын талдоо алар дуушар болгон негизги кыйынчылыктарды көрсөтөт. Буга байланыштуу биз алардын абалын жакшыртууга жардам бере турган бир катар сунуштарды иштеп чыктык. Алсак, мыйзамдуу негизде иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн эмгек мигранттары пенсия жана пособия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган пенсиялык келишим түзүү маселесинин үстүндө иштөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Пенсия жана пособия алуу мүмкүнчүлүгү аталган мамлекеттин жарандыгы бар эмгек мигранттарына жана убактылуу жашоого уруксаты бар жарандарга бирдей болуусун сунуштайбыз», — деди комиссиянын жыйынында сүйлөгөн Жамиля Жаманбаева.
Кыргызстандын Акыйкатчысы мигранттардын акысыз медициналык тейлөө, социалдык камсыздандыруу, билим алуу укуктарын камсыздандыруу жаатында КМШ өлкөлөрүнүн акыйкатчыларынын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары Жамиля Жаманбаева КМШ өлкөлөрүнүн акыйкатчыларын адам сатуудан жапа чеккен жабырлануучуларды биргелешип колдоого чакырды.
«Тилекке каршы, бардык эле учурларда адам сатуунун курмандыктары өздөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылышпайт жана кылмыш иши козголгон учурда укук коргоо органдары менен андан ары кызматташышпайт. Буга байланыштуу биз ар бир мамлекетте адам сатуунун курмандыктарын кайра багыттоо механизмин иштеп чыгууну сунуштайбыз”, — деп сунуштады Кыргызстандын Акыйкатчысы.

Ошондой эле, Кыргызстандын Акыйкатчысы Россия Федерациясынын аймагында акыркы үч жылда эки же андан көп жолу административдик укук бузганы үчүн өлкө аймагына кирүүгө тыюу салууга байланыштуу мигранттардын көйгөйүнүн актуалдуулугуна көңүл бурду.
КМШ өлкөлөрүнүн акыйкатчылары Жамилия Жаманбаевага миграциялык мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча маалыматтык аналитикалык жыйнагы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Алсак, Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын Акыйкатчы институттары, ошондой эле Беларусянын тиешелүү мамлекеттик органдары ар бири өз өлкөсүндө миграциялык мыйзамдарга талдоо жүргүзүштү.
Тактап айтканда, Кыргызстандын Акыйкатчы институту тарабынан мигранттардын укуктарын караган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына талдоо жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту Россиянын, Казакстандын Акыйкатчы институттары жана Беларусянын мамлекеттик органдары тарабынан берилген аналитикалык материалдардын маалыматтарын чогултуп, жалпылашты.
Аналитикалык материалдарды чогултуунун жана синтездөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын “Акыйкатчы” институту КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчы институттарына мигранттардын укуктары чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдаган.

Атап айтканда, төмөнкү сунуштар айтылды:

ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагында иштеген жарандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана жашы жете электерге милдеттүү медициналык кароодон өтүү үчүн куракты 6 жаштан 14 жашка чейин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн кароо.

Тараптарга пенсиялык келишим түзүү маселесин иштеп чыгуу сунушталсын, ага ылайык мыйзамдуу негизде иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн тараптардын мамлекеттеринин жарандары пенсияларды жана пособиелерди жашап, иштеген жериненен жана Кыргыз Республикасынын аймагынан да алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Казакстан жана Кыргызстан өз ара айдоочулук күбөлүктөрүнүн жарамдуулугун таануу боюнча келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталат.
Тараптар ар бир мамлекеттин функцияларын жана компетенцияларын так сыпаттоо, биргелешкен иш үчүн жетиштүү финансылык ресурстарды бөлүү, координациялоонун жана өз ара аракеттенүүнүн так жол-жоболорунун болушу аркылуу адам сатуунун курмандыктарын кайра багыттоо механизмин иштеп чыгууну жана кабыл алууну сунуш кылуу; аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү сунушталды.
Белгилей кетсек, буга чейин Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 2024-жылдын февраль айында Адам укуктары боюнча комиссиянын жыйынында КМШ өлкөлөрүнүн миграциялык мыйзамдарына талдоо жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу сунуш киргизген. Комиссия мүчөлөрү бул сунушту колдошту.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button