КоомКылмыш-кырсык

Эл аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жарандары кармалды

Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн бири 1961-жылы туулган Р.С. 30 млн 700 миң теңге өлчөмүндө акча каражатын уурдап, ээлеп алган деп шектелип, Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги тарабынан издөөгө алынган. Ал болжол менен 2023-жылдын кыш мезгилинен бери Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөн.

Ал эми кармалган Казакстандын экинчи жараны 1989-жылы туулган У.Д. мамлекетке 18 млн 500 миң теңге зыян келтирилгендиги үчүн издөөгө алынган. Ал Бишкектеги түнкү клубдардын биринен кармалды.

Шектүүнүн айтымында, ал болжол менен 2023-жылдын жай айларынан бери Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button